10-февралга чейин Бишкек шаарынын он кесилишине видеокөзөмөлдөр орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Видеокөзөмөлдөр «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулат.
Камералар төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде болот:
- Жибек Жолу — Жаш Гвардия бульвары;
- Чүй — Юлиус Фучик;
- Чүй – Бүбүсара Бейшеналиева;
- Жибек Жолу — Юлиус Фучик;
- Чүй — Жаш Гвардия бульвары;
- Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов;
- Жибек Жолу – Жусуп Абдрахманов;
- Чүй — Курманжан Датка;
- Москва – Жусуп Абдрахманов;
- Максим Горький – 7 апрель.