Ноокаттагы 3 адам каза болгон унаа кырсыгы видеобайкоого түшүп калган (Видео)

Автор -
305

Ош облусунун Ноокат районундагы Өрнөк айылында 6-январда жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык 6-январь күнү саат 08:16 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 73-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Өрнөк айылында болгон. Анда Кадамжай районунун 1982-жылы туулган тургуну А.З.нын башкаруусундагы «Тойот Эстима» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан Сузак районунун 1986-жылы туулган тургуну Н.С.нын башкаруусундагы битум ташыган «МАН-26-464» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кырсыктын натыйжасында «Тойота Эстима» унаасынын эки жүргүнчүсү жеринде каза болгон, дагы бир жүргүнчү ооруканадан көз жумган. Ошондой эле жеңил унаанын 5 жүргүнчүсү Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү