Кыргызстандын Пекиндеги элчигинин кызматкери Кытайдын Шинжаң аймагына барды

Автор -

Кыргызстандын Пекиндеги элчигинин кызматкери Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, дипломат 12 өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук аймагынын Урумчу, Кашкар жана Хотан шаарларына барып келишкен.

Алар бир нече социалдык мекемелерге барышып, студенттер менен баарлашкан.

Белгилей кетсек, жыл башында Кытай бийлиги журналисттер үчүн кайра тарбиялоо лагерлерин дагы көрсөткөн. Маалыматка караганда, Кытай лагерлерде зордук-зомбулук бар экенин жокко чыгаруу аракетин көргөн.

Эскерте кетсек, Кытайдагы кыргыздарды коргоо комитетинин маалыматында Шинжаңдын бир эле Акчий районунан кармалган кыргыздардын саны 20 миңдей ашат