Өмүрбек Текебаевди  № 47 түзөтүү колониясына которушат

Автор -

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди  бүгүн № 47 түзөтүү колониясына которушат. Ал дарыланып бүттү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги  ЖАМКтын маалымат кызматына шилтеме берип жазып чыкты. .

Маалыматка караганда, Улуттук кардиология борборунун дарыгерлери Өмүрбек Текебаевдин стационардык дарылануусуна муктаждык жок деп эсептешет. Айтымдарында, ал медициналык процедураларды колониядан ала алат.

ЖАМКтан билдиришкендей, Өмүрбек Текебаевди качан жатак абакка которуларын эсептеше элек. Юристтердин айтымында, мурунку эл өкүлүнүн кармоо режимин ушул жылдын 20-мартынан тарта мыйзамдын негизинде өзгөртүшү керек.

Бөлүшүү