«Роза Маманова Кызыл- Кыя шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз иш аракеттерди жүргүздү деген маалымат чындыкка дал келбейт»,-деп билдирет Баткен ОИИБы.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Мамановага Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле күнөөсү далилденип Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен бир жылга шарттуу кесилген. Кийин Маманова облустук сотко кайрылып, облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.
«Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы М.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында 2016-жылдын июль айында Маманова өзүн жактоочу катары тааныштырып, үйүнөн көп суммадагы акча каражатынын уурдалуусу боюнча козголгон кылмыш иштин ачылышына жардам берерин айтып 50 миң сом алганын, ошондой эле 2017-жылдын январь айында көп суммадагы карызды өндүрүп берүү үчүн 10 миң сом алганын айткан. Ошондой эле 2017-жылдын май айында Б.М. аттуу таанышынын үстүнөн арыз жазып, материалдарды интернетке чыгарам деп 10 миң сом алганын кошумчалаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Маманова адвокаттар кеңешинин катарына катталбагандыгы аныкталган.
Ал эми арыз ээси менен Маманованын, Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Т.М. жана А.К.аттуу тургундарынын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар пайда болгон. Аталган карама-каршылыктарды жоюу үчүн 4-октябрда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө күбөлөр, арыз ээсинин ортосунда беттештирүү жана иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Маманованын кылмышы толугу менен далилденген», — деп билдирди облустук милиция.
Милициянын кошумча берген маалыматына караганда, Маманованы күбөлөр менен беттештирүү учурунда көтөрүп жүргөн сумкасын алып кет дегенге карабай тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө таштап качып кеткен. Эртеси эки жактоочусу менен келип, «сумкамдагы 50 миң сом акчам жок, Кызыл-Кыя шаарынын прокуроруна арыз менен кайрылам» деп кеткен бойдон кайрадан тергөөгө келген эмес.
«Бул боюнча Маманованы тергөөгө бир нече жолу мажбурлоо менен алып келүү токтомдору кабыл алынган. Бирок ал өзү көрсөткөн даректерде жашабагандыгы аныкталып, күбөлөрдүн катышуусунда атайын актылар түзүлгөн. Жогорудагылардын негизинде Маманова качып тергөөгө келбегендиктен 2017-жылдын 4-декабрында шаардык сот тарабынан ага алдамчылык беренеси менен айыбы сырттан угузулган. Ошол эле күнү сырттан камакка алуу түрү тандалып, издөө жарыяланган. 12-декабрда шаардагы «Айбек» базарында жайгашкан унаа токтотуучу жайдан кармалып, камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.
Андан кийин Маманованын апелляциялык арызы менен кылмыш иши Баткен облустук сотунда каралып, Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырылган.