Ошто авариялык абалдагы көпүрөнүн ордуна жаңысы курулууда

Автор -

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу жүрүүдө.

Бүгүн, 11-январда курулуш иштери менен Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов таанышып келди. Көпүрөнүн узундугу 9 метр болуп, кеңдиги 12 метр болот.

Көпүрөнүн курулушун шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов көпүрөнүн сапаттуу курулушуна көңүл бурулаарын билдирген.

Бөлүшүү