Президенттин шайлоо материалдары боюнча алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо материалдары боюнча алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 27-ноябрында Нурбек Токтакуновдун “Фейсбук” социалдык тармакка Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча билдирүүсү жарык көргөн. Билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан билдирүү боюнча жүргүзгөн алдын ала  тергөө иши жыйынтыкталды.

Алдын ала тергөө ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары  жана кызматкерлери суралган.

«Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен. Кайтып келгенде  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына түшүнүк берүү үчүн чакырылып, андан соң корутунду чечими кабыл алынат«,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү