Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы парк кѳрктѳндүрүлѳт

Автор -

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбетов жана Азербайджан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оруджев Гидаят Худуш оглы Гейдар Алиевдин атындагы парктын ордун аныкташкан.

Парктын аянты 5,5 га түзѳт. Эс алуу жайынын айланасына жашыл кѳчѳттѳрдү отургузуу, тротуар, отургучтарды, тышкы жарыктандыруу жана фонтандарды орнотуу пландалууда.

«Парктын эскиздик долбоору шаар куруу кеңешинде кабыл алынган. 2019-жылы азербайджан тарап долбоорду ишке ашырып, шаардык муниципалитетке ѳткѳрүүнү пландап жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү