Сапар Исаков 13-февралга чейин абакта калды

Автор -

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын жактоочусу Нурбек Токтакунов Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн узартууга каршы болбогонун айткан. Анткени 50 томго жеткен кылмыш иши менен таанышып чыгуу керек болгон.

«Тергөө аракеттеринин бардыгы аткарылгандан кийин Сапар Исаковду камакта кармоого негиз жок. Ошондуктан мен аны бошотууну сурандым. Бирок Биринчи Май райондук соту аны 13-февралга чейин камакта калтырды. Бүгүн Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырышты»- деди Токтакунов.