Кара-Көл шаарында май ташыган оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 13-январь күнү саат 19:00 чамасында  Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымында (Кызыл-Бейит тилкеси) “Freightliner” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа жолдун боюнда капталынан туруп калган.

Унаа жол жабылган эмес. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочусу жабыркап, тез жардам кызматы тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Кырсык болгон жерге  өрт коопсуздугун сактоо максатында КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Өрт катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү