16-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын темпертурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…10, күндүз 0…5,
Нарын аймагында түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -11…-16 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр аралаш кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 …-2, күндүз 4…6 градус болот.