Ош шаарында жатакананын төртүнчү кабатынан секирген келин 12 жылга эркинен ажыратылды

Автор -

Ош шаарында жатакананын төртүнчү кабатынан наристеси менен  секирген келин 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аялга «адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылды.

Белгилей кетсек, келин 6-сентябрь күнү Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында ачык турган терезеден боюн таштап жиберген. Жерге секирген келин алгач 1-кабаттын чатырына түшүп, андан кийин жерге кулаган. Анын кесепетинен эне-бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Ымыркай башынан жаракат алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү