Москвада кыргызстандык крим төбөл кармалды

Автор -

Москвада мекендештеринен акча талап кылып, ар кандай кылмыштарды жасап келген кыргыздардан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.  Алардын бирөөсү карактоо боюнча издөөдө жүргөн жаран болгон.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Күч органдары 2018-жылы кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктаган. Маалыматка караганда бандиттик топтун башында Ош облусунун тургуну, криминалдык чөйрөдө “Кароочу”  макамы бар жаран тургандыгы белгилүү болгон.

Аталган топ бир оор кылмышкерлер катарында каттоодо турган. Топтун жетекчиси 2013-жылы Бишкек шаарында кишилерди тоноп, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

Крим төбөл 2019-жыл 11-январда Москвадан кармалган. Колго түшүрүлгөн кылмыштуу топтун лидери 1986-жылы туулган Р.М. аттуу жаран экени аныкталган.

Учурда кылмышкерди экстрадициялоо аракеттери көрүлүп жатат.

Бөлүшүү