Кыргызстанда 9 – класстан кийин окубай калган балдардын саны 9000 ашуун

Автор -

9 – класстан кийин 9754 бала орто билим алууну да, кесиптик – техникалык адистикке ээ болууга да жол таппай, көчө өспүрүмдөрүнө айланганын статистикалык эсептер ачыктоодо. Жылдан – жылга бул көрсөткүчтүн өсүп жаткандыгы да өкүнүчтүү. Ошондуктан, мындай абалды ооздуктоо максатында “КР Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда.

Анда мектепти 9 – класстан кийин улантпай калган улан – кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик – техникалык окуу жайларында окутуу зарылчылыгы белгиленген. Ошондуктан, кесиптик – техникалык окуу жайлардын базасын жакшыртуу иштерине да көңүл бурулат, — дейт ЖК депутаты Канатбек Исаев .

Эл өкүлү айтымына ылайык, билимдин сапатын талап кылаардан мурда, мугалимдердин эмгегин баалоону жогорулатуу керек.

“Японияда мугалимдердин кадыр — баркы жогору бааланат. Анткени, аларга элчинин кол тийбестиги берилип, аэропорттор менен соода жайларында жеңилдиктер каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бизде да мугалимдерге көрүлгөн камкордук талаптагыдай болушу шарт”, -деп билдирди Исаев.