Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 16-январь күнү саат 06:29да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Чимбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында  3 баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.