Бүгүн Кыргызстан курама командасы Филиппин менен беттешет

Автор -
467

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунун 3-туру башталды. Бүгүн, Кыргызстан курама командасы Филиппин менен беттешет.  Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.

Буга чейин Корея жана Кытайдын курамасы менен ойноп,  эки оюнда теӊ биздин курама команда утулуп калган эле.

Белгилей кетсек, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Азия биринчилигине катышып жатат.

Кечээ, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ийгилик жана Жеңиш каалады.

Президент футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу менен сүйлөштү

 

Бөлүшүү