Ысык-Атада 15 жашар кыз уул төрөдү

Автор -

Ысык-Ата райондук ооруканасында 15 жаштагы кыз төрөдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  2003-жылы туулган кыз Канттагы төрөтканада 11-январь уул төрөгөн.

«Аталган факт боюнча жаш эненин апасы жана анын катышуусунда кыз өзү да суракка алынган. Анда маалым болгондой, 16 жашка толо элек кыз Ф. аттуу жигит  менен таанышып, чогу жашап жүрүшкөн. Мындан соң  жигит башка өлкөгө иштегени кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (16 жашка чыга элек, жашы жете элек адам менен жыныстык катнашка баруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган факт боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү