Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Өкмөттүн ишин сынга алды.
Анын айтымында, азыркы Өкмөткө «түкүрүк» деген ат коюлган.
«Азыркы Өкмөткө «түкүрүк» деген ат коюлду. Жаӊы кодекстерди ишке киргизебиз деп, жаӊы жаӊжалды баштады. Мен бир да мамлекеттин түкүрүк үчүн айып салганын көргөн жокмун. Ооба, айыппул болуш керек бирок, айлык пулдан жогору болбош керек. «5000 сом пенсия алган абышкадан насыбайды жерге түкүрдүӊүз 5500 төлөӊүз десеӊиз», ал жерге эмес бетке түкүрөт. Бул теӊсиздик, өкмөт бул нерсени карабай каякты карап жүрөт. 35000 сом айлык бергиле анан айып салгыла, 10000 сом пенсия бергиле анан айып салгыла»,-деди Момбеков.