Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүзүралиев Нариман Тюлеевдин пикирине жооп берди. Эл өкүлү менчикке чыгып кеткен бала бакча, автопарк жана Өмүрбек Бабанов менен болгон мамилеси боюнча айтып берди.
«Мен Өмүрбек Бабановду акыркы жолу 2017-жылдын 19-октябрында көргөм. Андан кийин штабга да бара элекмин. Менин сөзүмдү бурмалап, саясат кылуунун кажети жок. Менин иш аракетимдин артында Өмүрбек Бабанов турушу мүмкүн деп Нариман Тюлеевдин айтканы чындыкка туура келбейт. Мен шаардык кеңештин депутаты катары элдин үнүн айттым, анткени бала бакчаларды кайтаруу боюнча көп кайрылуулар келүүдө.
Токтогул/Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бала бакча менчикке чыгып кеткени чындык, анын ордуна Тюлеевге тиешелүү имарат турат бүгүнкү күндө. Мен туруктуу комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын буга чейинки менчикке берилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча узаткан суроосуна улап, Ленин районунун акимине жана мэрияга протоколдук тапшырма бергем. Нариман Тюлеев курган соода борбордун ордунда чын эле мурда бала бакча болгонбу же болгон эмеспи, канча орундуу? Жана кандай себептер менен жеке колдорго өтүп кеткенин аныкталсын деп.
Ал эми автопарк боюнча аянты 4,5 га болгон жер имараттары менен арзыбаган акчага Нариман Тюлеев мэр болуп турганда жеке менчикке өтүп кеткен деген сөздөр канчалык чындык экенин билүү үчүн Октябрь районунун акимине жана мэрияга протоколдук тапшырма берилген.
Бул күнүмдүк өтүп жаткан туруктуу комиссиянын жыйынында көтөрүлгөн маселелер чындыкты аныктоо ирээтинде жана шаардыктардын талабы менен айтылганын кошумчалагым келет«,-деп билдирди Мүзүралиев.
Анын айтымына караганда, Нариман Тюлеев экс-мэр, Жогорку Кеңештин депутаты катары ММКларга чыккан маалыматтарды толугу менен изилдебей туруп, бир тараптуу кабыл алганы жана ал нерседен саясат кылганы туура эмес.
«Менин шаардык кеңештин депутаты катары жүргүзгөн ишмердүүлүгүм, шаардыктардын, шайлоочуларымдын кызыкчылыгын коргоо кандайдыр бир себептер менен Өмүрбек Бабанов жана Нариман Тюлеевдин ортосундагы мамилеге залакасын тийгизет деген нерсе логикага туура келбейт»,-деди ал.