«Митинг өтүп жатса, өкмөттүн миграция маселеси боюнча маалыматы жок отурат», — деп бүгүн, өкмөт миграция маселеси боюнча маалымат берүүгө даяр эместигин билдиргенде депутат нааразычылыгын билдирди.
Момбеков Кыргыз мамлекетинде миграция маселеси 2 айдан бери эң актуалдуу болуп жатканын айтты.
«Миграция боюнча маселе кечээ Бакыт Төрөбаев көтөрүп чыкканда пайда болгон жок. Кыргыз мамлекетинде миграция маселеси 2 айдан бери эң актуалдуу болуп жатат. 60 миң кыргыздын кыздары кытайга турмушка чыгып, алар экиден төрөсө 120 миң, 280 миң болуп кетет деп митинг өтүп жатат. Өкмөт болсо даярданган жокпуз деп жатат. 2 айдан бери даярданбай эмне кылып жүрөсүңөр? Даярданбасаңар митингге барып ошентип жооп бербейсиңерби. Өкмөт жообу жок отурат. Силер президенттин саясатына каршы иштеп жатасыңарбы? Жаңы жылдан бери жагымсыз кырдаалдар каптап жатат. Баяндамаңар жок болсо кантип суроо беребиз? Митингге чыккандар бул жакка келсе ким жооп берет? Силер чыкпайсыңар, биз депутаттар чыгып, өкмөттүн жообу жок экен деп айтабыз. Миграция кызматынын башчысынын жоопкерчилигин караш керек», — деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков аталган кызматтын жетекчисинин орун басарлары митингде жүргөнүн айтты.