Президент «Ак шумкарларга» ыраазычылык билдирди

Автор -

«Биздин футболист жигиттер мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөтүп, Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатышат!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы эмгек, мекенге кызмат кылуу, өлкөнү даңазалоонун өзгөчө үлгүсүнө токтоло кетти.

«Жалпы кыргызстандыктар кечээ кыргыз спортунун чоң жетишкендигине күбө болушту. Биздин футбол боюнча курама командабыз Азия чемпионатында эбегейсиз чоң ийгиликке жетишти. Филиппин курама командасын 3-1 эсебинде утуп элибизге укмуш зор маанай тартуулашты. Биздин команданын Азия кубогунун оюндарына тарыхта биринчи чыгышы эле чоң ийгилик болгон. Баардык оюндарда ийгиликтүү ойноп, биздин командабыз оюндардын кийинки этабына чыгуусу да бул чынында эбегейсиз чоң тарыхый жетишкендик. Эң негизгиси, биздин балдар тайманбай ойношуп, кызыктуу оюн көрсөтүп жатышты», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал жалпы элдин атынан футболчуларга, алардын башкы тренерине, баардык командага ыраазычылык билдирип, алкыш айтты.

«Кийинки оюнда мазмундуу оюн көрсөтүп, ийгиликке жетишет деп жалпы кыргызстандыктар күйөрман болобуз! Биздин жигиттерибизди Жараткан өзү колдосун!», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү