«Ала-Тоо» аянтында митинг өтүп жатат

Автор -

Бүгүн, 17-январда Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өтүп жатат.

Митингдин уюштуруучусу «Кырк чоро» тобунун активисти Аманбол Бабакулов. Аянтка чогулгандардын саны болжол менен 100дөн ашуун. Алар Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп жатышат.

Учурда абалды укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү