Бишкек шаарында жайгашкан жеке менчик мейманкана өрттөнүп кетти

Автор -

Ленин районунун  С. Лазо кыска көчөсүндөгү жайгашкан  жеке менчик мейманкана өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы  билдирди.

Өрттүн кесепетинен  80  чарчы метр керме шыбы, 8 даана пластик терезе, 4 эшик, 4 керебет, 4 үстөл, 8 орундук, 4 сыналгы, 4  шифоньер,  ашкана эмереги, кир жуугуч машина, газ плита, муздаткыч күйгөн.

«Өрттүн чыгуу себеби тиричилик электр шаймандарынын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү