Режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы Дакка шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда «Эң мыкты» аталды.
Эл аралык фестиваль 10-18 январь аралыгында болуп өткөн. Анда баш байгени Филиппин мамлекетинен катшкан «Signal Rock» тасмасы утуп алган.
Жалпысынан фестивалда 72 мамлекеттен келген 220 кино көрсөтүлсө, Кыргызстандын атынан беш тасма катышкан.