Ысык-Көл облусунда кар көчкү түшүп, Нива унаанысынын четин басып калды

Автор -

 «19-январь күнү саат 22:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-82-чакырым аралыгында (Чоң-Ашуу ашуусу) 2 жерге жалпы көлөмү болжол менен 7400 м3 кар көчкү түшүп, Нива унаанысынын четин басып калган»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык,  унаадагы 3 адам жабыркаган эмес жана алар 82-чакырымдагы №11 ЖТИнин имаратына жайгашышкан.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Ак-Суу райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы жана №11 ЖТИден 2 бульдозер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында унаа жолу 20-январь күнү саат 03:00дө бир тараптуу, ал эми саат 10:00дө толугу менен тазаланып ачылган.

Ал эми Нива унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жол ачылгандан кийин өздөрүнүн унаасы менен Каракол шаарына жетишкен.

Бөлүшүү