Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 21-январь күнү саат 00:35 чамаларында 7-апрель жана М. Горький көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz” жана “Toyota Avensis”  үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis  унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял киши каза болгон, айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д жабыркаган эмес. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э  жабыркашкан.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү