ӨКМдин маалыматына ылайык, 21-январь күнү саат 11:31 чамасында А.Огомбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйүнүн короосунда 1977-жылы туулган А. Н. аттуу жаран кудук казып жаткан учурда топурак урап кетип басып калган.
КР ӨКМнин №17 Аскерлештирилген өрт –куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун сөөгүн чуңкурдан казып чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.