Ташкентте бир миллион долларга тете көөнө кенч табылды

Автор -

Ташкенттин борборундагы эски имараттардын биринин жертөлөсүн казуу учурунда 80 жыл мурун көмүлгөн баалуу буюмдар табылды. Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, кенчтин куну бир миллион доллардан ашат.

Казынаны Өзбекстандын улуттук университетинин окумуштуулары таап алышкан. “Имарат 1870-жылы тургузулган, жертөлөсүндө дагы бир бөлмө бар экени аныкталган. Ал 80 жыл мурун көмүлүп калып, кенч көздөн далдоо сакталган”, деп айтылат билдирүүдө.

Көөнө табылгалардын арасында уникалдуу искусство чыгармалары, алтын, күмүш тыйындар, эмеректер, XIX кылымдагы эски сүрөттөр жана иконалар жана баалуу металдардан жазалган буюмдар бар.

Мындан тышкары XII — XVII кылымдагы белгилүү өзбек ойчулдарынын буга чейин жоголду деп эсептелген ондогон кол жазмалары табылган.

Бөлүшүү