Аткезчиликке айыпталаган Дамирбек Асылбек уулу күнөөнү мойнуна алган жок

Автор -

Казакстандын Алматы шаарында мурдагы депутат, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Дамирбек Асылбек уулу аралашканы кабарланган иш боюнча соттук териштүрүү уланууда.

Сот айыпталуучуларды сурай баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” соттук териштирүүгө катышып келген Жогорку Кеңештин депутаты, Асылбек уулунун фракциялашы Руслан Чойбеков билдирди.

«Бул бир аз саясий процесс болуп калды көрүнөт. Ал жерде кармалган башка айыпталуучулардын баары Дамирбекти тааныбай турганын айтышты. Аны менен отургандардын баары — чек аранын айланасында туруп такси, араба түртүп кызмат көрсөткөн балдар. Ал жерде отурган казак жана кыргыз жарандары бири-бирин тааныбайт экен. «Анан кандайча «уюшкан кылмыш тобу, трансулуттук аткезчилик» деп айтылып жатат?” деп айтып жатышат»,-деди ал. 

Чойбековдун айтымында, жума күнү соттук териштирүүдө Дамирбек Асылбек уулу суралган. Ал күнөөнү мойнуна алган эмес.

Буга чейин аткезчилик боюнча айыпталып, Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун паспорту жараксыз деп табылган. Учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолууда. Соттук жараяндарга “Кыргызстан” фракциясынын экиден депутаты катышып келип жатат.

Былтыр февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Кийин анын казак паспорту да бар экени аныкталган соң Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан.

Бөлүшүү