Наманганда сойкулар жашаган батирлерде видео байкоо жүргүзүлөт

Автор -

Наманганда сойкулук менен алектенген аялдар жашаган үйлөрдүн кире бериштерине видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу 20-январда Наманган облустук администрациясы билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, кичи райондордогу кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн көңүл ачуу борборлоруна, компьютердик клубдарга, дүкөндөргө да видеокамералар орнотулат.

Видеобайкоо камералары ички иштер бөлүмдөрүнө кошулат жана видеожазуулар бир ай бою сакталат. Камералар күнү-түнү үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзөт.

Бир нече күн мурун социалдык түйүндөрдө топтошкон кишилер эки өспүрүмдү эси оогончо сабап кеткени тартылган видео тараган. Интернет колдонуучулар окуя Наманган облусунда болгонун белгилешкен.

Бөлүшүү