Кыргыз-Казак чек арасында бир адам чек арачылардын огунан каза болду

Автор -

Кыргыз-Казак чек арасында бир адам чек арачылардын огунан каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 23-январда Талас облусундагы Манас районунун аймагында болду.

«Үч белгисиз адам Манас районундагы Жайылган аймагынан 10-15 жылкыны Казакстандын аймагына чек ара аркылуу мыйзамсыз айдап өтүп баратканы аныкталган. Ал жерге чек арачылар жетип келип, аларды кармоо аракетин көрүшкөн. Бирок алар чек арачыларга каршылык көрсөтүшкөн. Колдорунда бычак болгон. Каршылыкты токтотуу үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга карай ок чыгарышкан. Үч адам эскертүү берилгенине карабай каршылык кылууну токтотушкан эмес. Мындан улам чек арачылар алар тарапка карай ок чыгарууга аргасыз болгон», — деп кабарлашты Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Натыйжада бир адам жаракат алган, ал эми экөө Казакстандын аймагына кирип, из жашырууга үлгүргөн.

Жабыркаган адам биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда көз жумган.

Окуя тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын тийиштүү органдарына кабар берилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү