Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагын реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, жарандык коомдун өкүлдөрү жана калк тарабынан энергетика тармагын башкаруу түзүмүнө карата, ошондой эле «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК ишмердигинин натыйжалуулугуна сындар айтылууда.

Премьер-министр эскерткендей, энергетика тармагынын маселелери ар кандай деңгээлдерде бир нече жолу талкууланган.

«Ошого карабастан, бул маселелерди чечүү боюнча маанилүү жылыштар жок. Буга чейин алынган насыялык каражаттарды тейлөө, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык компаниялардын негизги каражаттарын, ошондой эле энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди жаңылоо маселелери курч турат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү милдеттери жаңы өндүрүштүк объектилерди ишке киргизүү, башкаруу процесстерин автоматташтырууну камтыйт, бул өз кезегинде бир кыйла маанилүү энергетикалык кубаттуулукту талап кылат. Буга байланыштуу ал керектөөчүлөр тарабынан энергетикалык ресурстарды керектөөнүн өсүшүн канааттандыруунун таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Премьер-министр энергетика тармагындагы учурдагы мамлекеттик башкаруу тутумуна айрыкча көңүл бурдурду.

«Биринчи кезекте биз жарандарыбыздын энергетика тармагына карай ишенимин кайтарып, бардык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу менен тармак ишинин ачык-айкындуулугун камсыздообуз керек. Мунун бардыгы бирдиктүү, сапаттуу стандарттар боюнча жаңы автоматташтырылган тутумдун ишке киргизилиши менен жүзөгө ашырылат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр кошумчалагандай, көбүн эсе энергетикалык тармак үчүн жабдуулар чет өлкөдөн сатылып алынат. Муну эске алуу менен ал ата мекендик экономиканы өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында өлкө аймагында «акылдуу эсептегичтерди», кабелдик продукцияны, трансформаторлорду жана башка техниканы чыгаруу боюнча өндүрүштү уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Буга катар Өкмөт башчы калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча чаралар жыйындысы мурда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүшүн талап кылды.

Бөлүшүү