Кыргыз эстрадасы акыркы күндөрү элди таӊ калтыруу менен убара. Айрымдары патриоттук сезимдерди козгогон ырларды жаратып жатса, айрымдары «хайп» кылуу менен алек.
«Ак-өргө сити» тамашоу тобунун балдары «Дык Кын Дыш» аталышындагы жаӊы клип чыгарды. Аны Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбеков аткарып чыкты.
Ыр жаӊы тартылган «Жер тоголок» тасмасына саунтрек катары чыгарылган.