Бишкекте 53 жаштагы жарандын 17 000 сом акча каражатын ээлеп алган жаран кармалды

Автор -

Бишкекте 53 жаштагы жарандын 17 000 сом акча каражатын ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматына Бишкек шаарынын 53 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын октябрь айында алдоо жолу менен ишенимге кирип, жабырлануучунун акча каражатын ээлеп алган “Кыял” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аныкталгандай, чала тааныш адам УКТнын мүчөсү катары өзүн тааныштырып, жабырлануучуга карыздар адамдан карызын өндүрүп берем деп арыздануучудан 17 000 сом акча каражатын алган. Бирок, бир аз убакыт өткөн соң шектүү телефон чалууларга жооп бербей, андан соң изин жашырып кеткен.

2018-жылдын декабрь айында топтолгон материалдардын негизинде Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

«ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралардын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Бишкек шаарында жашаган 1979-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен кармалган жаран тергөө абагына камалды. Кармалган жарандын башка дагы ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бардыгын иликтөөдө 1979-жылы туулган А.К. аттуу жаран башка алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөндүгү аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү