Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев; «Казак жараны делген «Кыргыз темир жолунун» директорунун биринчи орун басары Алымжан Хасанов кызматтан бошотулду»,- деп билдирди.
«Депутаттар «Кыргыз темир жол» ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары башка өлкөнүн жараны катары мамлекеттик кызматта иштегенге укугу жок деген маселе койгон. Хасанов ишкананын директорунун буйругу менен кызматынан бошотулду», — деди Темирбаев.