Өмүрбек Текебаев бир жылдан кийин жатак колониясына которулушу мүмкүн

Автор -

Өмүрбек Текебаев бир жылдан кийин жатак колониясына которулушу мүмкүн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшембиев билдирди.

Анын айтымында, которуу жөнүндө сунуш кылуу мөөнөтү 2020-жыл 10-февралында аяктайт. Ал үчүн Жазаларды аткаруу кызматынын атайын комиссиясынын чечими болушу керек.

Өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Термечиков белгилегендей, жаңы мыйзамдарга ылайык, түзөтүү колонияларынын жетекчиси камалгандардын кылмыш ишин карап чыгуу боюнча сотко сунуш жөнөтүшү керек.

Бөлүшүү