Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды

Автор -

Бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков аймактагы бир катар социалдык мекемелердин иши менен таанышат. Төрага башында турган депутаттар тобу Кербен шаарындагы аэропорттун абалынан кабар алат. Андан тышкары  Жогорку Кенештин Төрагасы Жерге-Тал жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы социалдык мекемелердин курулушуна барат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары менен да жолугушат.

Бөлүшүү