ЖКда Александр Крестининди Өкмөттүк сыйлыкка көргөзүү сунушталды

Автор -

Бүгүн, 24-январь күнү Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов  Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди Өкмөттүк сыйлыкка көргөзүүнү сунуштады.

«Кыргыз футболу Азия кубогуна катышып, өнүгүп жатканын далилдеди. Мен Кыргызстандын «Ак шумкар» футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусун Өкмөттүк сыйлыкка көргөзөт элем. Биз футболду өнүктүрүүдө стадион керек экенин түшүндүк. Шаардын сыртынан жер карап, инвесторлорду тартуу керек»,-деп билдирди Икрамов.

Бөлүшүү