Чоң Чүй каналына  4 жаштагы кыз түшүп кетти

Автор -

Чоң Чүй каналына  4 жаштагы кыз түшүп кетти.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кечээ, 27-январь күнү  Ауэзов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына А.А. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок натыйжа болгон жок.

Издөө иштери 28-январь күнү улантылат.