Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды

Автор -

Мурдагы Транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 18:00дө катталып, анда айдоочу унааны башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, дагы 3 киши жабыркады.

 «Жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында мурунку Транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев да болгон. Учурда Малабаев Сокулук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат»,-деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Бөлүшүү