Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов  көпүрөнүн курулушуна капсула cалды

Автор -

Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын А. Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна капсула салды.

Бул көпүрө жараксыз абалга келип, ӨКМ кортунду чыгарган. Буга чейин көпүрөнүн курулуш иштерине даярдыктар болуп, казуу иштери жүрүп жаткан.

Калаа башчысы курулуштун сапатына көңүл буруу негизги маселе экендигине токтолду. Көпүрөнүн узундугу 9 метр болуп, кеңдиги 12 метр болот.

Көпүрөнүн курулушун шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Шаар башчысы А. Асранкулов көчөсүнө курулуп жаткан жөө жүрүүчү жолду да текшерүүгө алып, таш тамандардыбасуу иштерине чейин мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.

Салынуучу жөө адамдар жүрүүчү жолдун узундугу 157 метр болуп, туурасы 3 метр. Учурда таш таман басууга даярдоо иштери жүрүүдө. Курулуш иштерин шаардык жолдор башкармалыгы аткарып, мөөнөтү 3 ай.

Бул курулулуш аяктагандан кийин башка көчөлөрдөн куруу иштери улантылат.