Каныбек Иманалиев: Саясий жалаа менен абакта отургандарга мунапыс берүү керек

Автор -
317

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев саясий жалаа менен абакта отургандарга мунапыс берүү керектигин айтып чыкты.

«Саясий жалаа менен отурган 19 жигитке мунапыс берип, аларды бошотуу керек. Бизде саясий эрк болуш керек. Мына ошондо бул мыйзамдын саясий статусу жогорулайт»,-деп билдирди эл өкүлү.

Ошо менен бирге бул жылы орто кылмыш менен кармалган 285 адамга мунапыс берүү аз экенин билдирди.

Учурда  «Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.