Алматыда кызына алты жыл зомбулук көрсөткөн аял соттолууда

Автор -

Алматыда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 14 жаштагы Дианага катыштуу сот отуруму өтүүдө. Апасы аны алты жыл бою үйдөн чыгарбай, уруп-согуп келген.

Кылмышка шектелген аял тааныштарына кызы Орусиядагы чоң апасынын колунда тарбияланып жатканын айткан. Бирок кызын узак жылдар жатаканадагы бөлмөдөн чыгарбай кармаган. Үйгө конок келгенде аны шкафга жашырып турган.

Сот залында Диана алты жыл бою оор шартта жашаганын, ур-токмоктон улам бир жолу жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн айтып берди. Ал эми гана мектепке бара баштаган.

Бул окуяны казакстандыктар биринчи жолу 2011-жылы Диана реанимацияга жатканда угушкан. Анда кызды чоң апасы таягы менен урганы айтылган. Мындан соң Диана менен чоң энесинин сүйлөшүүсүнө тыюу салынган, пенсионер Орусияга депортацияланган.

Бул окуядан кийин кыз окууга барбай калган. Бир күнү апасы Анна Иванованын сыры ачыкка чыгат. Анын таанышы Надежда Борсукова азык-түлүк алып, курбусунун үйүнө барган. Ошондо кокустан Диана менен таанышкан.

“Жерде матраспы же үйүлгөн чүпөрөк-чапырактарбы, азыр эсимде жок, кыймылдай баштады. Мен коркуп кеттим. Коңшуларыбы деп ойлодум. Анан эле кыз чыкты. Ошондо Диананын жүзүн биринчи жолу көрдүм”, – деди Надежда Борсукова. Учурда Диана Надежданын үйүндө жашап жатат.

Надежда Борсукова кызды мындай жагдайда калтырууга болбойт деп чечкен. Аннанын макулдугу менен Диананы асырап алган.

Сот учурунда ур-токмоктун айынан Диананын оозу жана мурду кыйшайып калганы айтылды. Анын биологиялык апасынын күнөөсү далилденсе, 10 жылга соттолушу мүмкүн.

Бөлүшүү