Өкмөт заманбап сервистерди киргизүүнү жана бизнес жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөштүрүүнү улантат

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйынды ачып жОатып Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү жолугушуунун максаты – Кеңештин өткөн жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу жана келечек пландарды талкуулоо болуп саналат.

«Сиздер билгендей, Дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча республикабыз өз позициясын 7 позицияга жакшыртып, учурда 70-орунда турат. Мындан тышкары Атаандаштыктын глобалдык көрсөткүчүндө биз өз позициябызды 5 пунктка жакшыртып, дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн ичинде 97-орунда турабыз. Экономикалык эркиндик рейтингинде биздин өлкө 89-орундан 78-орунга көтөрүлгөн. Глобалдык инновациялык көрсөткүч-2018 маалыматына ылайык, республика бир жылдын ичинде IT-кызматтарын экспорттоо көлөмү боюнча позициясын жакшыртып, 93-орундан 34-позицияга жылган. Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясына ылайык, Өкмөттүн алдында 2023-жылга чейин бизнес жүргүзүүгө кыйла жагымдуу алгачкы 40 өлкөнүн катарына кошулуу амбициялуу максаты коюлган. Бул бир топ татаал жана амбициялуу милдет, бирок жүзөгө ашырууга толук мүмкүн, менимче, сиздер менен бирге бул көрсөткүчтөргө жетебиз деп ойлойбуз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана бизнес чөйрөсүн жакшыртуу тармагында бир катар реформалар ишке ашырылганын белгиледи.

Анын ичинде көз карандысыз Бизнес-омбудсмен институтун түзүү, жыл башынан тарта 2 жылга текшерүүгө мораторий киргизүү, юридикалык жактарды пилоттук режимде онлайн-каттоо тутумун ишке берүү, Экономика министрлигинин сайты аркылуу көйгөйлүү маселелер боюнча бизнес менен өз ара аракеттешүү үчүн онлайн платформаны киргизүү, третей сотун өнүктүрүү (медиация) аркылуу талаштарды сотко чейин чечүү институтун киргизүү, 2019-2022-жылдарга карата Экспортту өнүктүрүү боюнча Программаны кабыл алуу жана административдик камсыздандыруу төлөмдөрүн башкаруу милдетин Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү тууралуу кеп болуп жатат.

«Биз ар бир артыкчылыктуу тармак боюнча көптөгөн башка милдеттерди белгиледик. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин маанилүү багыты катары электрондук фискалдаштырууну жана салык жана бажы тармактарына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу атамекендик экономиканы акырындап көмүскөдөн чыгаруу саналат. Биз автоматтык режимде жүргөн салык төлөө процедураларын максималдуу жөнөкөйлөштүрүүгө умтулабыз. Бизнес үчүн заманбап сервистерди киргизүү жана биринчи кезекте чакан жана орто бизнес үчүн салыктык жөнөкөйлөштүрүү улантылат», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, аймактарда бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттер улантылмакчы.

«Анын ичинде ресурстарды жана жеке сектордун демилгелерин консолидациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат, бул экономиканын туруктуу өсүүсүнүн локомотиви боло алат. Бизнестеги инновацияларды өркүндөтүү үчүн инвестицияларды өбөлгөлөө механизмдери киргизилип, аймактарда чакан жана орто бизнес субъекттерине консультациялык, маалыматтык жана башка колдоо көрсөтүү чаралары күчөтүлөт жана санариптик бизнести жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону өнүктүрүүнү өбөлгөлөө механизмдери киргизилет», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Премьер-министр баса көрсөткөндөй, өлкөнү санариптештирүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүү, анын ичинде мамлекеттик органдардын санариптик технологияларды кеңири колдонуу менен заманбап иш ыкмаларына өтүүсү маанилүү болуп саналат. Бул биринчи кезекте мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгын арттырып, коррупциялык элементтерди кыскартат жана калкка кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртат.

Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, санариптик технологияларды кеңири колдонуу өлкөнүн ар бир жараны үчүн, анын жашаган жерине карабастан, жаңы мүмкүндүктөрдү ачат.

«Албетте, биз бизнес тараптан дагы кыймыл-аракетти күтөбүз —  ачык иштегиле, демилге көтөргүлө, келгиле, биргеликте өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн үстүндө иштейли», – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча жыйындын жүрүшүндө тышкы соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, Кеңештин жыйынынын чечимдерин жана Кеңештин 2019-жылга карата Иш планын аткаруу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине төмөнкүлөр сунушталды:

— бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Ташуучулар ассоциациясынын жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн өнөктөштөр менен экспорттук-импорттук операцияларды башкаруу маселелерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча жумушчу топту түзүү;

— үч айлык мөөнөттө ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен экспорттук-импорттук операцияларды башкарууну жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган процедураларды иштеп чыгуу жана тийиштүү тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү;

— эки айлык мөөнөттө Евразиялык экономикалык комиссиясы менен Кыргызстандын аймагына 2019-жылы колдонууда болгон автошиналарды киргизүүгө квоталарды орнотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Буга катар Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо максатында контрабандага каршы күрөшүүгө тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүү