Президент Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында КР Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов ант беришти.

Мамлекет башчысы жаңы өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктап, ант беришкен министрлер буга чейин  жооптуу иштерде иштеп, аздыр-көптүр тажрыйба топтогондорун, тажрыйбасын жана билимин колдонуп, эл күткөн ийгиликтерди алып келээрине ишенгенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков парламентке кайрылып, депутаттар жаңы жылдан бери шайлоочулар менен жолугушуп, сот-укуктук реформанын алкагында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүнөн иштеп, аткаруу бийлиги менен конструктивдүү кызматташып жатышканын белгиледи.

«Үч бийликтин бутагы эриш-аркак, биргеликте иштесе, мамлекетибизде  сөзсүз түрдө алдыга жылуу, ийгиликтер болот. Ушул жыл эли-жерибизге жакшылыктарды гана алып келсин, өлкөбүздө ынтымак жана биримдик болсун», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү