Алтынбек Сулайманов: Көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун

Автор -

Ушу тапта Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Анын артында кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүп турат. Баш мыйзам 9 жолу өзгөртүлүптүр, дагы качанга чейин өзгөртө беребиз? Буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөр ар дайым бир эле максатты – бийлик рычагын бекемдөөнү көздөп келген. Анын айынан эки жолу революция болду. Менимче, Конституцияны өзгөртүү туура эмес. Референдумда элибиз парламенттик башкаруу жолун колдогон, анын эркин сыйлашыбыз керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, Конституция жоболоруна ылайык, Жогорку Кеӊешке көптөгөн ыйгарым укуктар берилген. Мисалы, парламент мамлекеттик бюджетти бекитет. Президент ага өзгөртүүсүз эле кол коюп жатат. Жогорку Кеӊештин 80 жылдык маарекесине арналган иш-чарада «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов Конституция өзгөртүүлөрдү киргизүү эртелик кыларын айткан болчу, мен ага кошулам. Биз Баш мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун», — деди депутат.

Бөлүшүү