Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-февралында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына келди.

Өкмөт башчы ЕӨАК тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат, анда  интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары жана башка маселелер талкууланат.

Мындан тышкары Өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышмакчы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү