Кытайдан мыйзамсыз чөнтөк телефондорду алып келе жаткан кыргыз кармалды

Автор -

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондорун кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Фурхат айлында Кыргыз Республикасынын жараны Д.М.К. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер 313” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерүүгө алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн 735 даана чөнтөк телефондор табылган, кармалган товардын орточо базар баасы 797 000 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү