Кыргыз-кытай чек арасы 10-февралга чейин жабылат

Автор -

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай тарап Жаз майрамын белгилегенине байланыштуу чек арадагы «Торугарт-автодорожный» жана «Иркештам-автодорожный» өткөрмө пункттары 2-февралдан 10-февралга чейин убактылуу жабылат.

«Жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүк ташуучу транспортторду өткөрүү иши ушул жылдын 11-февралынан тарта уланат»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү