Оор атлетика боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды

Автор -

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык 28-январдан 30-январга чейин оор атлетика боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.

Мелдешке өлкөнүн алдыңкы спортчулары чогулган. спортчулардын жалпы саны 92 спортчуну түзсө, алардын 77 эркектер, 15 кыз-келиндер болду.

Катышуучулар кийинки салмактык категориялар боюнча алдыңкыларды аныкташты:

аялдар – 45, 55, 64, 71, 81, 87 жана 87 килограммдан жогору;

эркектер – 55, 61, 73, 81, 89, 96, 102, 109, жана 109 килограммдан жогору.

Жеңүүчүлөр менен байгелүү орун ээлери Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги медаль жана дипломдору менен сыйланды.

Мелдешти өткөрүү үчүн дирекциянын бюджетинен 37 миң сом каралган.

Жеңүүчүлөр менен байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

 

аялдар:

45 кг

  1. Майрам Кыдыралиева — 81 кг
  2. Анастасия Пономарчук — 58 кг
  3. Виктория Васильева — 58 кг

55 кг

  1. Галина Куслина — 126 кг
  2. Алена Деркач — 60 кг

59 кг

  1. Зухра Курманаева — 160 кг
  2. Гүлнура Мейманова — 145 кг

64 кг

  1. Раушан Чолпонбек кызы — 165 кг

71 кг

  1. Каныкей Жолдошбаева — 137 кг
  2. Аделина Нурлан кызы — 75 кг

81 кг

  1. Канымжан Алмазбек кызы — 153 кг

87 кг

  1. Жамиля Сарыбаева — 142 кг

87 кг жогору

  1. Умида Хатамова — 73 кг

Эркектер:

55 кг

  1. Сартбаев Чойбек – 195 кг
  2. Таиров Элзар – 190 кг
  3. Тажидинов Мухамедали – 175 кг

61 кг

  1. Муратбек уулу Ишенбек – 215 кг
  2. Имбеталиев Адил – 188 кг
  3. Мамадраимов Айбек – 187 кг

67 кг

  1. Артыков Иззат – 257 кг
  2. Анардин уулу Аскат – 238 кг
  3. Тажидинов Руслан – 227 кг

73 кг

  1. Денисенко Сергей – 275 кг
  2. Бейшшев Байзак – 257 кг
  3. Абдраимов Адилет – 255 кг

81 кг

  1. Молдодосов Эмиль – 315 кг
  2. Жапаров Жалил – 271 кг
  3. Жолдосалиев Бексултан – 270 кг

89 кг

  1. Камышев Сергей – 315 кг
  2. Жаныбеков Адилет – 290 кг
  3. Рыскул уулу Майрамбек – 255 кг

96 кг

  1. Симачев Павел – 290 кг
  2. Ысманов Акбар – 280 кг
  3. Туйгунбек уулу Эрлан – 269 кг

102 кг

  1. Расулбеков Бекдөөлөт – 361 кг
  2. Сыргабаев Урмат – 225 кг

109 кг

  1. Таштанбеков Азат – 300 кг
  2. Рахматалы уулу Нурлан – 215 кг
  3. Ольховский Александр – 190 кг

109 кг жогору

  1. Шайнуров Вячеслав – 250 кг
  2. Байышбеков Аби – 242 кг
  3. Арзымбаев Аскар – 225 кг

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү